УКМКнын жертөлөсүндө төрт айдан бери жаткан экс-министр Бекболот Талгарбеков өзү баштаган үзөңгүлөштөрүнө сот жараяны жабык өткөнүнө нааразы боло процесске бойкот жарыялаганы маалым болду. Табиятынан оозунан чыккан ар бир желди таразалап, тактап, факты менен айтканды адат кылган каарманыбыз тергөөгө суракты да бир дем менен айтканын кайра бир сыйра баштан-аяк текшерип, бу жааттан айрым юристтерди таңгалдырып жатканы кабарланды. Фемида өкүлдөрү ишти жабык өткөрүп жатканына тарапташтары да ачууланса, Бекболот мырза баарын сабырдуулукка чакырып, акыры адилеттүлүккө жетип, акталып чыгарын көшөргөн тейде айтып жатканы эле негизсиз отурганын билгизеби? Бу жалганда “түрмөгө жылаан жатпасын” дейт. Адилетсиздикке кабылган экс-министрге бекем эрк жана мойнундагы салынган кишенден тезирээк бошонуп алышына тилектешпиз.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ