Menu

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев илдеттен айыгып, эртең жумушка чыгат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-августта брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин ден-соолугунун абалы тууралуу суроого жооп берди.

“Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында керектүү дарылоодон өтүп, калыбына келтирилген. Эртең, 6-августта ал жумушка чыгат” – деди ал.

Эске салсак, 8-июлда Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмония менен ооруп, анын орун басары Үсөнбаевге коронавирус диагнозу коюлгандыгы белгилүү болгон. 9-июлда Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты тастыктаган. Андан кийин Абдикаримов да, Үсөнбаев да чет өлкөгө дарыланууга кетишкен деген маалымат тараган. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги бул билдирүүнү четке каккан. Сабиржан Абдикаримов илдеттен айыгып, 3-августта жумушка чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: