Кечээ, 5-августта аймактык ыкчам штабдын отурумунда “Ак-Кеме” жана “Кызыл-Омполдогу” карантиндик-санитардык постторду алып салуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев белгилегендей, зарыл болгон учурда санитардык-карантиндик постторду калыбына келтирүүгө болот.
“Посттордо дарыгерлер, райондук администрациялардын кызматкерлери жана мэрия кезек менен кызмат кылышат.Бул постторду алып салып, бардыгын жумуш орундарына жөнөтүү керек. Биз буга чейин алгоритм иштеп чыкканбыз, зарыл болсо, посттордун ишин калыбына келтире алабыз” – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ