Кыргызстанда жаш жубайлардын ажырашуусу боюнча Жалал-Абад облусу алдыңкы орунда баратат. Быйылкы сегиз айда облуста 5012 жубай баш кошсо. 992 үй-бүлө ажырашкан. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырганда 132 учурга көп. Бирок, бул расмий катталгандар гана.
Никелешүү тууралуу күбөлүк албай туруп, эки ача жолго түшкөндөр, же тескерисинче, ажырашканда ЗАГСын кырктырбагандар мындан дагы көп болушу толук ыктымал. Адистер ырасташынча, 25-40 жашка чейинкилер арасында ажырашуулар арбын болуп жатат. Жубайлардын ажырашуусунун эң башкы себеби катары миграция эсептелет. Ошондой эле социалдык жетишпестик дагы улам ажырашууга алып келип жатат.
Соңку фактыларга таянсак, Кыргызстандын түштүк аймактары боюнча быйылкы сегиз айда Ошто 817, Баткенде 383, Жалал-Абадда 992 үй-бүлө ажырашып тынышкан.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ