Былтыр Тажикстандын ИИМи өлкөдө 36 террордук чабуулдун алдын алып, теракт жасоону пландаган 50 кишини кармаган. Бул тууралуу мекеме башчысы Рамазон Рахимзода билдирди.
Ички иштер министри кармалгандардын бардыгы тең «Ислам мамлекети» тобунуна кошулган Тажикстандын жарандары болгонун белгиледи. Жалпысынан өткөн жылы 34 уюшкан кылмыштуу топтун бети ачылып, алардын 169 мүчөсү кармалган.
Рахимзоданын айтымында, айрым тилкелерде террордук топтордун топтолгону байкалганы менен учурда тажик-ооган чек арасындагы абал туруктуу. «Ал топтордун Тажикстандын аймагына кирүүсүнө жол бербөө үчүн биз ооган коопсуздук күчтөрү менен бирге алардын ишмердүүлүгүнө байкоо салып жатабыз», – деп белгиледи министр.
Министр Ооганстандагы ИМ тобуна кошулуп кеткен тажик согушкерлеринин саны боюнча так маалыматтарга ээ эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ