Казакстан Энергетика министри Канат Бозумбаев 1-январдан тарта электр кубаты жана товардык газдын баасы арзандай турганын билдирди.
Бозумбаев товардык газдын дүң баасын арзандата турган буйруктун долбоору иштелип чыкканын, анын натыйжасында электростанциялар үчүн газдын чекене баасы төмөндөй турганын айтты.
Министрликтин баасы боюнча 1-январдан тарта электростанциялар колдонгон товардык газдын наркы 12ден 22 пайызга чейин арзандайт. Ошол эле маалда калк үчүн электр кубатынын тарифи канча пайызга төмөндөй турганы айтылган жок.
Казакстандын инвестиция жана өнүгүү боюнча министри Женис Касымбек көмүр өндүрүүчүлөр, ташуучулар жана сатуучулар менен жергиликтүү органдар ортосунда меморандумга кол коюлганын, ага ылайык көмүрдүн наркы орто эсеп менен 16 пайызга төмөндөй турганын белгиледи.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 7-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында өкмөткө жыл соңуна чейин тарифтерди төмөндөтүүнү тапшырган.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ