Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы Бишкек шаарынын жашоочусунун Кой-Таш айылында ага кол салган төрт кишинин арызына жооп кайтарган. Кол салгандардын арасында милиция кызматкери жана айылдык кеңештин депутаты болгон.
Милициядан билдиргендей, 18-июлда Аламүдүн районунун Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Прохладное айылында кошуналардын ортосунда жаңжал чыгып жатканы жөнүндө билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери ошол жерге барган. Бирок, эркектер арыз жазуудан баш тартышты.
Эртеси, 42 жаштагы К.А. милицияга арыз менен кайрылып, өткөн түнү аны сабаган төрт кишиге карата чара көрүүнү суранган. Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча катталып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Окуянын бардык катышуучуларынын өздүгү аныкталып, күбөлөр суракка алынган.
Мындан тышкары, милиция кызматкери М. А. суракка алынды, кошуналар аны чакырып, жаңжал жөнүндө айтып берип, ошондой эле эркектерди тынчтандырууга жардам берүүнү суранган.
Милициянын иш-аракеттерин толук жана объективдүү текшерүү үчүн кызматтык тергөө дайындалды. Бул иш Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ