Menu

Жумагүл Райымжан кызы, ырчы: “Негизи эркек деген аялдан айырмаланып, бийик болушу керек”

Бөлүшүү:

-Жумагүл, аз күндөн жеке концертиңди бергени жатасың. Учурда концертке даярдыктар кандай?

– Ооба, концертке аз күн калды. Даярдык дагы деле кызуу жүрүп жатат. Буга чейин Ош шаарына эки жолу жеке концертимди бергем. Андыктан бир аз болсо да тажрыйба бар. Бирок борборго биринчи жолу берип жаткандыктан даярдыкты эрте баштагам жана концертимди жогорку деңгээлде өткөрүүгө болгон аракетти көрүп жатам.

– Борборго берип жаткан алгачкы концертиң болсо абдан толкунданып жатсаң керек?

– Ооба, толкундануу сезими болуп жатат. Концерт деген эл алдында отчет тапшыруу да. Элдин сыны, сүрү бар дегендей. Келген эл концертимди кандай кабыл алат? Элимдин купулуна толобу? Ыраазы болуп кетеби деген суроолор жан дүйнөгө тынчтык бербей, бир чети жеке концертимди тартуулап жатканыма кубанып, толкунданып турган кезим.

– Жаз, күз айлары концерттердин айы болгондуктан, азыр концерт берген ырчылар аябай көп болуп жатат. Сенин концертиң азыркы коюп жаткандардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

– Туура жаздын келиши менен чыгармачылыктагы адамдарга эргүү келип, жаңы жаздырган ырларын элдин сынына коюу максатында, ырчылардын көпчүлүгү жеке концерттерин берип жатышат. Алардын катарын мен да толуктап, 10-апрелде Улуттук филармонияда жеке концертимди бергени жатам. Эми концерттин өзгөчөчөлүгү  туурасында айтсам, укмуш жаңылык киргизип, өзгөчөлөнтүп жиберем дебейм. Концертте фонограммасыз ырдайм. Колдон келишинче башка ырчылардын концерттерине окшоштурбаганга аракет кылып жатам. Буга чейин аткарылбаган ырларымды, дуэттерди ырдайбыз. Чынында азыр элди таң калтырыш кыйын. Концерт азыркы кезде чыгармачылык отчет катары гана берилип калды.

– Жаш ырчылар Бишкектеги алгачкы концертин Спорт сарайга беришет эмеспи. Сен эмнеге филармонияны тандап алдың?

– Ооба, ырчылардын көбү Спорт ордосуна концерт беришет. Улуттук филармониянын ижара акысы да Спорт ордосуна караганда бир аз кымбатыраак. Бирок филармония таза, элге да ыңгайлуу, чыныгы маданияттын ордосу эмеспи. Анан жакындарым да Улуттук филармонияга эле бербейсиңби деген сунуштарын киргизишти. Алардын айткандарын да туура көрдүм.

– Концерт берип үй, машина алдык деген ырчыларды да угуп калабыз, чынында эле концерттин арты менен каражат табууга болобу?

– Концерт берип акча тапкандарды уга элекмин. Баары эле отчет катары гана концерт берип жатам деп калышат. Чынында концерттин чыгымы абдан чоц. Анан да жоопкерчили көп. Бир концерт үчүн канча ай даярдык, канча деген каражат жумшалат. Ошол чыгымдар кайра өзүн жабабы-жокпу аны билбейсиң. Эми чыгармачылык жолду тандап, ырчылык кесипти аркалап жүргөндөн кийин, жеке концерт берүү шарт деп билем. Ушул кезге чейин ырларды жаздырып, клип тарттырып, репертуарымды карап көрсөм, менин концерт бере турган убакыт-саатым келгенин байкадым. Эмнегедир өзүмдө да концерт берсем деген каалоо пайда болду да, дароо чечим кабыл алып 10-апрелди тандап алдым.

– Концертиңде канча пайыз жаңы ырларың ырдалат?

– Буюрса, концерттик репертуарымдын 30 пайызын жаңы ырлар түзөт. Бишкекке биринчи жолу концерт берип жаткандыктан, буга чейин аткарылып жүргөн, элге сиңген ырларды да ырдайм.

– Биздин концерттер жеке концерт эмес эле, ашар концерт деп кээ бир адамдар айтып калышат. Сенин концертиңде сахналаштарың да ырдашабы?

Ооба, элдин ушундай сөздөрдү айткандарын мен да угуп калам. Бирок коногу жок концерт болбойт. Бирок айрым ырчылар ондон ашык ырчыны чакырып алат. Эми бул туура эмес. Мен концертимде 80 пайыз өзүм ырдайм. Коноктор 20 пайызын гана түзүшөт. 4-5 ырчы келет, ар бири бирден гана ыр ырдашат. Негизи ырчыга коноктор керек. Кийим-кече алмаштыруу, дагы кандайдыр бир нерселер чыгып калат. Элди күттүрүп коюп кийине албайсың да, ушундай кезде сахналаш кесиптештердин жардамы тиет.

Акыркы убактарда жаш ырчылар Казакстандын белгилүү ырчыларын концертине чакырып өзгөчөлүк кылып жатабыз деп жатышпайбы, сенин конокторуң кимдер?

– Казак ырчыларын концертимде ырдап бер деп чакырган жокмун. Конокторум кыргыз элине эмгек кылып, жакшылыгында кызмат кылган жакшы санаалаш сахналаштарым эле.

– Эл аралык фестивалдарга, сынактарга катышып жатасыңбы?

– Чакыруулар болгондо барып катышып жатам. Буга чейин Таиланд, Түркияга барып келдим. Кээде чакыруу болсо да, каражатка байланыштуу бара албай каласың. Кудай буюрса, дагы көп фестивалдарга барам деп ниеттенем.

-Бир жылда канча ыр жаздырып, клип тарттырасың?

– Ыр тандоодо, жаздыруу ырдын санына эмес, сапатына карайм. Жылына 2-3 ыр жаздырып, 2 клип тарттырам. Бирок ырды да, клипти да сапаттуу болушуна болгон аракетимди көрөм.

– Анжелика менен дуэт жаздыруу сунушу ким тарабынан көтөрүлдү?

– Анжелика идеяга бай, позитивдүү жакшы айым. Ал менин сахналаш досум. Анжеликаны концертиме конок катары чакырсам, «Экөөбүз дуэт ырдабайлыбы? Жөн эле барып ырдап кеткенде эмне? Азыр жаздырсак жетишебиз» – деп оюн айтты. Элге сиңип калган «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» деген ырды сунуштады. Идея мага жакты. Ыр болсо мурда эле жакчу. Дароо колдоп, жаздырууга кириштик. Ырдын тексти да азыркы заманга абдан ылайык. Таасирдүү, тарбиялык мааниси зор.

– Аял затынын бактысы үй-бүлөдө эмеспи. Жеке жашооңо качан убакыт бөлөйүн деп жатасың?

– Туура, аялдын бактысы балада, үй-бүлөдө. Мен үчүн чыгармачылыктан мурда үй-бүлөө биринчи орунда турат. Бирок баары Кудайдын буйругу менен ишке ашат экен. Кудай кандай тагдыр буйруганын билбейсиң да. Кудайым буюрса, мен дагы балалуу болуп, бактылуу бир үй-бүлөнүн куту болом деп ишенем.

– Учурда сенин купулуңа толгон жигит барбы? Ал кандай сапатка ээ болушу керек?

– Жеке жашоону ачык айтып, элге жар салгым келбейт. Көңүлүмө жаккак адам бар. Кудай буюрса, мен да турмуш жолуна аттанам. Негизи эркек деген аялдан айырмаланып, бийик болушу керек. Эң башкысы чечкиндүү, туруктуу, жоопкерчиликтүү сапаттарга ээ болушу шарт.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: