Menu

Жээнбеков расмий визит менен Түркияга учуп кетти, андан кийин ЕС институттарына жумушчу визит жасайт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 9-апрелде расмий сапар менен Түркия Республикасына учуп кетти.

Расмий сапар Түркия Республикасы менен жогорку деңгээлдеги саясий диалогду орнотуу, кыргыз-түрк кызматташтыгынын олуттуу маселелери боюнча пикир алмашуу, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана ар тараптан тереңдетүү үчүн жасалып жатат.

Расмий сапардын алкагында Мамлекет башчысы Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган  менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жолугушат. Андан тышкары Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым жана улуттук Улуу жыйындын спикери Исмаил Кахраман менен жолугушат.

Бир катар маанилүү документтерге, тактап айтканда техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу, спорт, айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө, инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө, ошондой эле социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашууларга, басма сөз жана маалымат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюу болжолдонууда.

Андан кийин  2018-жылдын 11-12-апрелинде Президент  Сооронбай Жээнбеков  Европа Союзунун институттарына жумушчу сапар жасайт.  Ал жерде Европа Союзунун тышкы иштер  жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика  Могерини, Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Европа  кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни менен жолугушат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: