Menu

Азимбек Бекназаров: “Бабановду акчасы дүңгүрөтүп жатат”

Бөлүшүү:

– Жогорку Кеңештин депутаттары жана Камчыбек Ташиев баш болуп Бабанов келет деген маалыматты ишенимдүү айта башташты. Бирок, Бабанов коркок, анын Кыргызстанга келгенге духу жетпейт дегендер да бар. Бул боюнча не дейсиз?

-Бабанов Кыргызстанда жакшы эле көптү. Байыды, жыргады, парламентте отурду, премьер-министр болду. Аны келет дегенден мурун, Кыргызстанга эмне кылды деген маселени да эске алыш керек. Эсиңерде болсо “Жер үйдү” Бабанов ортомчу түшүп, арзыбаган каражатка саттырган. Инструментальщик стадионун бекер менчиктеп алып, Азия моллду куруп алды го. Бүгүн аны Кыргызстанга кылган эмгеги эмес, анын акчасы дүңгүрүтүп жатат. Кыргызстанда кимдин телевидениеси, басма сөз каражаттары болсо эле ошол киши баатыр болуп чыга келет. “НТС” Бабановду баатыр кылып жатат. Чынында баатыр, кыйын киши өлкөдөн качпайт. Ал кандай болгон күндү да качып кетпей, камаса камалып, ак экенин далилдеп чыгыш керек болчу. Кыргыз саясатчылары кара башын калкалап качып кетип, анан ошол жактан баатыр болуп келгиси келет. Бүгүн Акаев, Бакиев, Мырзакматов, Бабанов Кыргызстанга баатыр болуп келгиси келип жатат. Эгер баатыр болсоң качпа. Текебаевге, Бектур Асановго, Тургуналиевге, Кадыровго окшоп отур.

Качып кетип, башка өлкөнүн бийлиги менен ортомчулар аркылуу сүйлөшүп алып, мени аэропорттон тосуп алгыла. Мен мынчасында барам. Эл топтогула деген саясатчынын эмес, соодагердин иши.

Ч.Кутманалиева

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: