Канададан келип, денесинин табы көтөрүлүп, кечээ, 13-марттын түнүндө Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага жаткырылган А.А. аттуу кыргыз жараны Торонто шаарында эл аралык конференцияга катышып, 6-март күнү Торонто-Стамбул-Бишкек каттамы менен учуп келген. Бул тууралу бүгүн, 14-мартта КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
А.А. Бишкекке учуп келгенде “Манас” аэропортунда жалпы жүргүнчүлөр менен бирдикте тепловизордон өткөн жана өзүн жакшы сезген. Алгач үйүндө да эч кандай симптомдор байкалган эмес. Акыркы 4 күндө гана денесинин табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезе баштаган.
Ошол эле учурда Торонтодон, конференциянын уюштуруучуларынан айрым катышуучулардан коронавирус инфекциясы табылып, ооруканага жаткырылганын билдирип, эскерткен электрондук кат келген. А.А. бул тууралу тийиштүү уюмдарга кабарлап, “тез жардам” чакырган.
“Тез жардам” А.А.ны Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага жаткырып, мурдунан вируска “мазок” алып, вирусологиялык лабараторияга анализге жөнөткөн. Азыр адистер анализдин жыйынтыгын күтүшүүдө.
Ал эми кытайлык адистер вирус жуктуруп алган адамда оорунун алгачкы симптомдору пайда болгонго чейинки инкубациялык убакыт бир нече күндөн бир нече жумага чейин созулушу мүмкүн деп билдиришүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ