Бүгүн, 13-мартта Германиядан Алматыга учуп келген 44 жаштагы казак жараны коронавирусту жуктуруп келгени такталды. Бул тууралу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшарип билдирди.
Алматынын 1976-жылы туулган тургуну Германиядан катардагы авиакаттам менен учуп келген. Азыр ал диагнозу тастыкталып, Алматыдагы ооруканалардын бирине жаткырылды. Бул бүгүн, 13-мартта коронавирус диагнозу аныкталган төртүнчү казакстандык жаран.
Буга чейин Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов бүгүн, 13-мартта 3 казакстандык жарандан коронавирус инфекциясы табылганын расмий билдирген. Алардын экөөсү Германиядан ( 1974-жылы туулган эркек менен, 1984-жылы туулган аял) Алматыга, бири Миландан (Италия) Нур-Султанга учуп келишкен казакстандыктар.
Андан сырткары Германияда бир казак жараны коронавируска шектелип, ооруканага жаткырылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ