Menu

“Сулуу чымчыктын” кылыктары

Бөлүшүү:

Үстөмдүгү жеткен адамдарга үтүрөйө калган жайы бар, ал эми алдуулардын астында «апалаган» (Алтынбек Сулаймановдон бир кезде таяк жеген) Нурбек Алимбеков вице-спикер болгону Чыныбай Турсунбеков баштаган бийликтин өкүлдөрүнүн астында «чарк» айланып бирок, кур дымакта сүр көрсөтүш үчүн жаңы Конституциянын кабыл алынышына «каршы» добуш берди. Ошондон тарта уйкусу жок, арабөк абалда жүрүптүр. Эми өзгөчө кырдаалдар министрлигинде орун басар болуп отурган бир тууганы кызматтан шыпырылабы? Бул эргул вице-спикер болгону «Кыргызстан” фракциясынын балдарына жан тартып, кем-карчын жаап, көйгөйлөрдү чечмек турсун, колдогу мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалана албай келет. Аз күн мурун ишиндеги катачылыктарынын айынан фракциялаштарынан тил угуп, “жүда-ям” жаман болуптур. Иштей албаса кетпейби? Качанкыга чейин “сулуу чымчыктай” болуп, созолоно отура берет? Эске салсак, Ош шаардык кеңешинде өзүнчө таасирленип, «Кыргызстан» фракциясына жоопкерчиликтүү болгон. Бирок, ошол Оштогу шайлоодо партиянын ишин Нукеңер үзгүлтүккө учуратып, жетиштүү добуш ала албай, акыры «Кыргызстан» коалицияга кирбей калып, оппозицияда калбадыбы. Ошентип, бүтүндөй бир партиянын командасы жабыр тартты. Эми карасаң, Алимбеков билмексенге салып, жылтыраган костюм-шымды кийгенине маашырланып, сууланыша таранып-түздөнүп, адатынча келиндей созула парламенттин трибунасында конуп отурат. Бери жакта жеңинен тартып түшүрүп кое турган эки аяктуу пенде жокпу?..

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: