Казакстандык ырчы Кайрат Нуртастын жубайы Жулдыз Абдукаримова “Аалам сулуусу” сынагына катышып жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.
“Бул жылы Казакстандын атынан “Аалам сулуусу” сынагына катышып жатам. Бул сынакта сырткы сулуулукту эмес, жан дүйнө сулуулугунун дагы айкалышын көрсөтүү зарыл. Башкы максаты – дүйнө жүзүндөгү айымдарды колдоо. Пандемиядан улам быйылкы сынак онлайн форматында өтөт”, – деп билдирүү жазган Абдукаримова.
Ошондой эле, ырчынын жубайынын айтымында азыркы учурда сынак боюнча добуш жүрүп жатат. Добуш берүүгө Кыргызстандыктар дагы катышкан.
“Урматтуу казак эли “Аалам сулуусу” сынагы кыза түштү. Биз 16 миң добуш менен баштаган элек, бирок башка катышуучулар бизге жакындап калыптыр. 18 миллион калкы бар Казакстан, 7 миллионго жакын калкы бар Кыргызстан, 30 миллион калкы бар Өзбекстан. Биз бириксек добуш берүүдө алдыга жылабыз. Үй-бүлөбүз менен добуш бердик, Кыргызстандан добуш бердик деген пикирлерди окуп, катуу толкунданып, көзүмө жаш алдым”, – деди Жулдыз Абдукаримова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ