Ундун баасын атайын жогорулаткан дагы бир факт аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-март күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Финполициянын кызматкерлери 15-мартта Бишкектеги Махатма Ганди көчөсү 201 дарегинде жайгашкан “Азиз” базарына барышкан. Алар 63 кап унду 104 миң сомго сатып алышкан. (Ар бир кап 1650 сомдон айланган. Ал эми базардагы орточо баасы – 1300 сом).
Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 216-беренеси (монополиялык аракет жана атаандаштыктын чектүүлүгү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ