Канатбек Муратбеков деген чиновнигибиз бар эмеспи. Кайда карап баспасын мактооч маскасын кийип алат. Мына ушул берен 2011-жылдан бери аткаруу бийлигинде жетекчилик кызматтарды аркалап жүрөт. Алгач Нарын областына губернатор болсо, былтыркы шайлоодо «Кыргызстан» партиясы менен катыша коюп, ал шыбагасына өкмөткө караштуу экотехинспекциянын жетекчилигин алган. Кызылдай саясий соода менен. Табиятынан бизнесмен. Тагыраагы, аткаруу бийлигиндеги баскычтарды басып өтүп, анан тажрыйба, иш-билгилиги менен эмес, акчасынын күчү менен партияларга кызмат кылганын колко кылып жүрүп бийликке жеткен Муратбековдо жетекчилик жөндөм нөл. Муну өзү деле моюнуна алат болуш керек. Эми ушул эргул экотехинспекцияны кантип көтөрүүнүн жолун издебей, жалаң кадр маселесин чечүү менен алектенип жатканына нааразы болгон топ бизге арызданып келишти. Бир жерге чоң кызматтагы досунун жардамчысын жетекчи кылса, бир жерге кудасын жетекчи кылып койгону чынбы? Кесипкөй адистерди эмес, өң-тааныштарын кызматка көтөрүп «кадырын» арттырып жатканы кандай? Же эртең кызматтан кетип калсам шайлоодо ушулардын пайдасы тиет деген логикабы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ