Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги маалымдайт: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 2017-жылдын 29- апрелинен бери жол кыймылынын эрежелерин бузгандар үчүн транспорттук каражатын эвакуацияланып, дөңгөлөктөрүнө блокиратор тагылып ж.б. чаралар көрүлүп келүүдө. Автоунаасынын дөңгөлөктөрүнө тагылган блокираторду өз эрки менен чечүүгө аракет кылган жарандарга жоопкерчиликке тартыла тургандыгын эскертет. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Транспорттук каражаттарды милдетүү түрдө эвакуациялоо “Эвакуатор” 7.21, 3.27-3.30, 5.12-514 белгилери орнотулган жол жээктеринде колдонулат.
Транспорттук каражаттарды милдеттүү түрдө эвакуациялоо айып пул төлөөчү атайын автоунаа токтотулган жайга жеткирилет. Акча каражатын төлөө түзүлгөн тарифке жараша болот жана биринчи үч сааты бекер. Транспорттук каражаттарды милдетүү түрдө эвакуациялоо боюнча маалыматты “102” телофону аркылуу билип алсаңыздар болот.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Транспорттук каражаттарды милдеттүү түрдө эвакуациялоого дуушар болбош үчүн жарандарга жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын так аткарууну сунуш кылат.
Транспорт каражаттарын эвакуациялоону, аларды сактоону, дөңгөлөктөргө блокираторду пайдаланууну ж.б. колдонуу тартиби жөнүндө маалыматты алуу үчүн бул шилтеме боюнча табууга болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ