Menu

Шоумен, клоун делген Дональд Трамп АКШ президенти

Бөлүшүү:

“Мен өлкөнүн жарандарынын баарына, бардык америкалыктардын президенти болом деп ант берем.” Бул АКШнын 45-президенти болуп жаңыдан шайланган, шоумен, клоун, мыкты актер делип айтылган Дональт Трамптын сөзү. Трамптын президенттик шайлоодон жеңип чыгышы көпчүлүккө күтүлбөгөн көрүнүш болду. Айрыкча Европа өлкөлөрү шок абалда калды.

АКШнын жаңы президенти 1946-жылы 14-июнда Нью-Йорктун Куинз районунда туулган. Трамп немис тектүү америкалык ишкер Фредерик Трамптын небереси, ишкер болгон Фред Трамптын беш баласынын бирөөсү. Дональд 1960-жылдардын башында жетишпеген кыйын абалдын айынан лицейди таштоого мажбур болгон. Андан кийин аскердик академияда окуп, 1968-жылдан кийин Пенсильваниядагы Уортон бизнес мектебинен билим алган. Алгач бир жана эки кишилик үй–бүлөлөрдүн үйлөрүн курууда атасынын фирмасында иштей баштайт.

2000-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоодо Реформа партиясынын талапкерлеринин ортосунда орун алган Трамп “Форбс” журналы тарабынан даярдалган «Дүйнөнүн эң бай 400 кишиси» деген тизмесине кирген. Анын 3,6 миллиард долларга жакын мүлкү бар экендиги болжолдонууда.

Шайлоо убадаларында качкындар, мусулмандар, коопсуздук жана террордук уюм ИГИЛ менен күрөшүү темаларында каршы чыгууларга жол ачкан көз караштар алдыңкы планга чыкты. Качкындар үчүн алдыга койгон пландарынын бирөөсү АКШ менен Мексиканын чек арасына дубал тургузуу болду. 3 жолу үй-бүлө курган Трамптын 3 эркек баласы бар.

АКШнын 45-президенти болгон Трамп 2017-жылдын 20-январында өтө турган азем менен азыркы президент Барак Обамадан кызматты өткөрүп алат.

Ошентип көптөр күткөн АКШнын Президерттик шайлоонун жыйынтыгында Трамп утуп чыкты. Бул күтүүсүз жеңиш көптөрдү сүйүндүрүп, АКШнын сенаторлору болсо кол чаап шампан атуу менен тосуп алышты. Эми жаңы президенттин Орусияга болгон мамилеси кандай болушу мүмкүн деген көз караш көптөрдү кызыктырып жатат. Орустардын белгилүү адамдары Трамптын жеңишин каалагандай пикир калтырыптыр.

Владимир Жириновский:

Эгерде Хиллари АКШнын Президенти болуп калса дүйнөдө оор кырдаал жаралмак. Ал согуш ачмак, анын биринчи эле каршылашы Россия болчу. Америкалыктар деле тынч жашагысы келет да, мына ушундай себептер менен алар Трампка көп добуш беришти. Эми Хиллари чоң эне эс алсын!!

Владимир Джабаров:

Мен эки жыл мурда эле айткам, Клинтон кийинки шайлоодо жеңилет деп. Анткени анын кемчиликтери бүт дүйнөгө көрүнүп калган болчу. Мисалы, Каддафинин өлүмү жана террордук иштер боюнча сүйүнүч менен эл алдында сүйлөгөнү көпчүлүк америкалыктардын эсин оодарган болчу. Кийинки сөздөрүндө учурдагы президент Обаманы акыркы жылдары чарчап калды, алсыз болуп жатат, эми кетсин деп сын айткан эле. Жыйынтыгында баары башкача болуп ийгиликке Трамп жетти. Ал өзү айткандай чын эле жеңилбес баатыр экен.

Виталий Милонов:

Клинтондун карьерасы бүттү. Хилларини президенттикке көрсөтүү Демократтар партиясынын эң чоң катасы болду. Анын жеке амбициясын карашкан жок. Ал бир эле жолу эмес буга чейин да президент болгусу келип жүргөн. Ошондой эле анын эки чоң кемчилиги бар болчу. Бирөөсү анын жашы, экинчиси ал Обаманын партиясынын үмүтүн актай албагандыгы. Эми Хиллари үй-бүлөсү менен гана алек болгону калды.

Сергей Глазьев:

Америкалыктардын Россия менен мамилени калыбына келтириши шексиз. Америкалыктарда эки тандоо турат. Же дүйнөлүк согуш ачыш керек, же тынчтык келишимин түзүү. Мына, Клинтон экинчи дүйнөлүк согуштун символу болчу. Ал эми Трамп болсо бул маселени башкача жол менен алып кетет деген ойдобуз. Менин оюм боюнча Трамп илим-билимдүү лидер катары эми Россияга болгон бир катар санкцияларды алып салат болуш керек. Мындай жолго барса АКШда гана эмес бүт Чыгыш өлкөлөрүндө экономикалык жылыш болот.

Леонид Слуцкий:

Трамптын жеңишине анын чечендиги жардам берди. Клинтондон жана анын колдоочуларынан Америкада Трамп обочолонуп жогору турду. Америкалыктар башынан тартып эле Трамптын агрессивдүү кадамдарын байкап, мамлекетти башкарып кетишине көздөрү жеткен болчу. Алар ишеништи, бул президенттикке келип калса айткан сөздөрүн аткарат жана Американы дүйнөгө гана таанытып тим болбостон алардын жашоо шартынын оңолушуна кам көрөт деп. Трамптын ийгиликке жетишинин дагы бир себеби, буга чейин анын АКШда бир катар компаниялары өлкө үчүн көп пайда алып келген болчу.

Бетти даярдаган Үсөн АБДИРАШИТ уулу

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: