Тергөө иштери жүргүзүлгөнгө чейин адам өмүрүн кыйган деген жагдайда кылмышка шектүү Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Б.С. атту жаран 2 (эки) айга камакка алынды. Кылмышка шектүү мурда соттолгон эмес.
Баткендин Кызыл-Жол кварталынын тургуну Б.С. үстүбүздөгү жылдын 15-март күнү атайылап башка кишинин өмүрүн кыйуу максатында өз үйүнөн аш бычакты алып, Баткен шаарындагы базарда эт сатып иштеген бир тууган агасы Б.С. аттуу жаранды кандайдыр бир келишпөөчүлүктөн улам өзү алып келген аш бычак менен сол көкүрөгүнө урган. Кылмышка шектүү ал жерден чыгып, бир тууган агасы жашаган үйгө барып, камыр жууруп жаткан жеңеси Б.А.нын бетинин сол жак тарабына бычак уруп, анан сол көкүрөгүнө сайып салган.
Баткен райондук соту 2016-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-ст. 2-б. 1,6-п.п. (Киши өлтүрүү, эки же андан ашык адамды өзгөчө мыкаачылык менен) беренелери менен айыпталып жаткан соттолуучунун бөгөт койуу чарасы катары Б.С.га карата 2 (эки) айга камакка алуу чечимин кабыл алды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ