Menu

Сабырбек Муканбетов: “2010-жылы Алмазбек Атамбаевдин Аслан Сартбаевге конгуроо кагып, жардам сураганын эсине салдым”

Бөлүшүү:

2010-жылдын 6-апрелинде Курманбек Бакиевдин режими Алмазбек Атамбаевдин үйүн курчоого алып, «көтөн-зордук» кылып камакка алып жатканда айласы куруган Алмазбек Шаршенович журналист Аслан Сартбаевге телефон чалып, жардам сураган. Аслан мага чалып, экөөбүз Горький көчөсүнө учуп жетип, спецназ менен жакалашып, моралдык колдоо көрсөткөнбүз. Өмүрбек Текебаев мага телефон чалып, «мени алып кетип баратат» деп жалдыраган.

Биз аларды унуткан эмеспиз! Эртеси, 7-апрелде элди баштап барып, түрмөдөн бошотуп, бийликке алып келгенбиз. Ошондо, азыр бийликти шынаарлап, Асланга сот, прокуратураны тукуруп, каматкысы келип жаткандар кайда эле? Чээнге кире качышкан.

Асланбек Сартбаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоп, камакка алууга буйрук берип жаткандар Акүйдө отурганы белгилүү. Сот менен прокурорлор кылмыш жок жерден кылмыш таап, камакка алалбай кыйналып, ортодо бир жылдан ашык убакыт өттү. Кокусунан атылып кеткен травматикалык тапанчадан эч ким жабыркаган эмес. Окуя коомдук жайда эмес, автоунаанын ичинде болгондуктан хулиганствону да тагууга болбойт. Самсалы Четимбаев өзүнүн атынан жазылган материалдык чыгым тууралу арыз жазбагандыгын далилдеп көрсөтмө берип (жанына күч келген тергөөчү өзү жазганбы?), ишти кыскартууну өтүнүп тилкат бергенине карабай эле прокуратура төрт жылга камака алууну сурап жатканы укук коргоо органдары менен сот системасынын чирип бүткөнүн айгинелеп турат.

Мен, 2010-жылдын 6-апрелиндеги Алмазбек Атамбаевдин Аслан Сартбаевге конгуроо кагып, жардам сураганын эсине салдым. Анан, азыр анын башына күн түшүп турганда президентти колдоочу, жактоочу катары 31-майда Октябрь райондук сотунда өтө турган сот отурумуна чакырууну сунуштадым. Анткени, биринчиден бул жерде таз-за «көтөн зордук», экинчиден, бир кездеги БЭКтин мүчөсү катары адилеттүүлүк үчүн күрөшкөнүбүздү, бирге жүргөнүбүздү эске салгым келип жатат.

Аслан президентти чакырабы, чакырбайбы (?), мага белгисиз. Бирок, мен чакырып коюну туура көрдүм.

Ау-уу, Алмазбек Шаршенович! Сотко келиңиз. Адилеттүүлүк үчүн туруп бериңиз!

Сабырбек Муканбетов, журналист, КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: