– Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын парламенттик комитет түзүү демилгесин коомдук талкууга койду. Депутаттар УКМКны көзөмөлдөсө эле, реформа ойдогудай болуп, адилеттик өкүм сүрүп калабы?
– УКМК ишмердиги элдик көзөмөлдө, алардын мыйзамдуулугун камсыз кыла турчу азыр деле орган бар – бул Жогорку Кеңештин укук коргоо жана коопсуздук боюнча комитети. Бирок биз ал профилдик комитеттин жетекчилигине уюшулган кылмыштуулуктун анабашчылары шайланганын бир канча жолу көрбөдүкпү. Азыр атайын бир комитет түзүлсүн деген демилгени мен жалпысынан колдойм, бирок чынын айтсам көзүм жетпей турат ал бирдемени өзгөртө алаарына. УКМК, прокуратура, соттор жана милийса – булардын затын өзгөртмөйүнчө, сырткы реформалар жана жасалма демилгелерден пайда чыкпайт го. Биз балансты сакташыбыз керек, укук коргоо система жана улуттук коопсуздук саясаттан тышкары болуш керек. Азыр болсо кээ бир учурларда биз эмнеге күбө болуп атабыз: фракциялар күч органдарынын жетекчилерин “на ковер” чакыртып алып, кадимкидей “поручение” берип атышпайбы, кекетип, коркутуп, “баланчаны кама, баланчаны бошот” деп. Бул дагы туура эмес!
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ