Президент Сооронбай Жээнбеков адилеттүү жана натыйжалуу башкаруу гана элдин колдоосуна ээ болоорун, мамлекеттик башкаруу тутуму жана кадр саясаты чукул реформага муктаж экенин билдирип, мамлекеттик кызматка тааныш-билиш аркылуу орношууга чекит коюп, кесипкөй, тажрыйбалуу кадрлардын келишине шарт түзүүнү талап кылды. Мындан сырткары президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматчыларды даярдоо жана аларды жайгаштыруу үчүн кадрлардын улуттук резерви түзүлө турганын жарыялады. Анын жобосуна ылайык талапкерлер сынактан өтүп, ошол улуттук резерв аркылуу гана мамлекеттик кызматка алынмакчы.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ