2017-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын МУКК өткөргөн контртеррористтик иш чаралардын алкагында, эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү, 1994-ж.т. Кыргыз Республикасынын жараны «Н.С.» кармалды деп маалымдоодо МУККтун пресс-кызматы.
«Н.С» 2015-жылы чет өлкөдө болгон мезгилде ЭТУ эмиссарынын үгүтү менен сирия-ирактагы чыр-чатак зонасына жиберилген. Ал жакта күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин, террористтик жашыруун уюм түзүү максатында Кыргызстанга жөнөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 375 (жалданмачылык) беренесинде каралган кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш иши козголду
Кармалган адам КР МУКК тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ