Menu

Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Парламент тарасын” деген маселе чыкса, биринчилерден болуп макул болом”

Бөлүшүү:

– Алмамбет мырза, КСДП фракциясынын оппозицияга кетиши керектигине оюңуз кандай?

– Парламенттин бул чакырылышына алты саясый партия келген. Алты партиянын парламенттеги өкүлчүлүгү – бул фракциялар деп аталат. КСДПнын лидери Атамбаев «оппозицияга кеттим» деп өкмөттү да, президентти да, парламентти да үстөккө-босток сынга алып, «кетиш керек» деп жатат. Ошол эле учурда Атамбаев түзгөн партиянын фракциясы парламентте көпчүлүк коалициянын анабашы болуп, өкмөттү контролдоп отурат. Бул моралдык, саясый, мыйзамдуу жактан да саясый кризис. Бул саясаттагы жоопкерсиздиктин белгиси. Саясый жоопкерчилиги болсо, оппозицияга кетиш керек. Өкмөттү түзүү вазийпасынан баш тартыш керек. КСДП фракциясынын «Атамбаевди тааныбайбыз, ал биздин лидер эмес» деп жатканы да саясый чайкоочулук. Кечээ эле аны «улут атасы, улут лидери» деп, ага каяша айткандарды «эл душмандары» деп кыйкырып турушпады беле?

-Учурда эмне болуш керек?

-Учурда саясаттын эрежеси боюнча, КСДП фракциясы жоопкерчиликти алып, «биздин партияда, фракцияда кризис болуп жатат, биздин кризис өкмөткө таасир болбосун, элден уялабыз» деп коалициядан чыгып кетсе туура болот.

– «Парламент тарасын» деп эмнеден улам айттыңыз?

– «Азыркы иштеп жаткан парламент купулга толбой жатат» дегенге макулмун. «Тарасын» деген маселе чыгып калса, тараганга биринчилерден болуп макул болом.

Маектешкен: Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: