Menu

Фотобаян – Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда Тажикстан Республикасына расмий визитинин алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен кеңири  курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Тажикстанга келүүгө чакырганы үчүн, жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн Тажикстандын Президентине дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.

“Жагдайдан  пайдаланып бардык катышуучуларды мааракелик дата – Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктайм. Чейрек кылымдын аралыгында өлкөлөрүбүз биргелешкен күч аракет менен бардык негизги багыттар боюнча  натыйжалуу кызматташууну жөнгө салды. Кыргызстан кыргыз-тажик мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө, өз ара пайдалуу көп пландуу кызматташууну тереңдетүүгө, ошондой эле  Тажикстан менен жакшы коңшулаштык мамилелерди  бекемдөөгө олуттуу маани берет”, -деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал Эмомали Рахмон менен тар курамда  эки тараптуу көптөгөн маселелерди талкуулагандыгын жана алардын көпчүлүгү боюнча өз ара  түшүнүшүүгө жетишкендигин баса белгиледи. “Көпчүлүк  түйүндүү маселелер боюнча пикирлерибиз жана позицияларыбыз төп келгени кубандырат. Эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттарын жандандыруу үчүн эки тараптуу механизмдердин ишмердигинин натыйжалуулугун  арттыруу зарыл. Бул жагынан алганда  эки тараптуу  маселелерди жана мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссия, Мамлекеттер аралык Координациялык Кеңеш туруктуу негизде иштөөгө тийиш. Элдерибиз  көптөн бери  мамлекеттик чек араны делимитациялоону аягына чыгарат деп  күтүп жатышат. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселелерди чечүү жана тиешелүү макулдашууга кол коюу  чек ара районунда коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөдө маанилүү фактор болуп калат”,-деп баса белгиледи  Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы  ушуга байланыштуу  өкмөттүк жумушчу топтордун ишин жандандыруу жана жакын арада кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын сызыгын чечмелеп чийүүнүн укуктук негиздерин биротоло макулдашуу үчүн жолугушуу өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков  мамлекеттик чек араны коргоо, терроризмге жана экстремизмге, баңгитрафикке каршы күрөш жаатында биргелешкен иштиктүү чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү боюнча конкреттүү  иштиктүү чараларды кабыл алуу  жана  Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда товар жүгүртүүнү көлөмүн  көбөйтүү үчүн зарыл шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгиледи.”Ушуга байланыштуу Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине мүчө экендигин жана ВСП+ статусу бар экендигин эске алуу менен, өлкөлөрүбүздүн Өкмөттөрүнө экспорт, импорт жана товарларды реэкспорттоо боюнча өз ара аракеттенишүүнүн механизмдерин иштеп чыгууга тапшырма берүүнү сунуштайм. Соода палаталарынын ортосунда кызматташууну жөнгө салып, өлкөлөрүбүздүн ортосунда Иштиктүү кеңеш түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп чыгуу керек. Өлкөлөрүбүздүн бизнес чөйрөсүнө жана чарбакер субьектилерине   байланыштарды жөнгө салууга жана контракттарды түзүүгө жардам берүү зарыл”, -деп Сооронбай Жээнбеков жакын арада Бишкекте тажик ишкерлеринин катышуусу менен бизнес-форум өткөрүүнү сунуш кылды.

Мындан тышкары Президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын өз ара катташы боюнча зарыл шарттарды түзүү  жана туризмди өнүктүрүү үчүн Бишкек-Душанбе-Бишкек каттамы боюнча авиарейстердин санын көбөйтүүнү сунуштады.

“Биз тажик спортчуларынын Дүйнөлүк биринчи жана экинчи көчмөндөр оюндарына катышканына абдан ыраазыбыз. Тажикстан быйыл сентябрь айында Кыргызстанда өткөрүлө турган үчүнчү Оюндарды дагы  колдойт деп ишенем. Ошону менен бирге тажик  тарапты Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана Ысык-Көл форумунун 30 жылдыгына арналган Эл аралык фестивалга катышууга чакырабыз”,-деди Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков.

Жакында эле Чыңгыз Айтматовдун акыркы «Когда падают горы» романы тажик тилинде жарык көргөнүн  баса белгиледи.

“Биз Тажикстандын территориясындагы райондордо жашаган этникалык кыргыздар окуган мектептерде кыргыз тилин окутуу боюнча тажик тараптын күч аракетине өзгөчө  ыраазы экендигибизди баса белгилеп кетким келет. Бул багытта өлкөлөрүбүздүн тиешелүү ведомстволору мургаб жана Жергетал райондорундагы кыргыз тилдүү мектептерди окуу куралдары менен камсыз кылуу боюнча иш жүргүзүп жатышат”,-деди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле Президент Кыргызстан  Тажикстан менен  региондо сууну пайдалануунун сарамжалдуу механизмдерин киргизүү боюнча жалпы позициясын жылдырууга кызыктар экендигин баса белгиледи. “Ушуга байланыштуу 1998-жылдын 17-мартындагы Сырдарыя дарыясынын бассейнинин суу-энергетикалык ресурстарынпадалануу боюнча  Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан Өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашуунун алкагында регионалдык кызматташууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен күч аракетти жумшоо зарыл”,-деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал эл аралык күн тартибиндеги урунттуу маселелер боюнча Кыргызстан менен Тажикстан позициялары абдан жакын экендигин  жана БУУ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун алкагында, эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташаарын белгиледи. “бул жагынан алганда  2018-жылы Тажикстан КМШ төрагалыгына чын дилимден ийгилик каалайм”, -деди Сооронбай Жээнбеков. Сөзүн аяктап жатып,Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонго  Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жигердүү маанайда тургандыгы үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге Кыргызстанга жооп иретинде расмий визит менен келип кетүүгө чакырды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: