Президент Сооронбай Жээнбеквовдун басма-сөз катчысы Толгонай Стамалиева президент менен өкмөт башчынын Нарындагы логистикалык борбор тууралуу сүйлөшкөнүн четке какты. Белгилей кетсек, 12-февралда айрым ММКларда жана социалдык тармактарда президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башыдагы логистикалык борбор тууралуу сүйлөшүү жүргүздү деген маалыматтар тараган.
Толгонай Стамалиеванын айтымында, аталган маалымат чындыкка дал келбейт. Президент бизнес коомчулук менен жолугушуу өткөргөн.
“Жолугушууда Нарындагы логистикалык борбор тууралуу сөз дагы болгон эмес. Президент менен премьер-министр жолуккан эмес” – деп билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ