Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок

Бөлүшүү:

«Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө   Кожомкул Каба уулунун 130 жылдык мааракесине арналган иш-чарада.

Мамлекет башчысы билдиргендей, бирге болсок, ата — бабалардын элесине татыктуу болгон улуу жеңиштердин ээси болобуз.

«Карт тарыхыбызга, тереӊ маданиятыбызга, улуу ынтымагыбызга таянып, жашоосу татыктуу, билими тереӊ,  дени сак коомду түзөбүз. Замандаштар жактырган, урпактар сыймыктанган, өнүккөн өлкөнү, күчтүү мамлекетти чогуу курабыз», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы иш чаранын катышуучуларын майрамы менен куттуктады. Ал Кожомкул атабыздын кайраты  келечек урпактарга күч, дем берсин, мекенчил сезимин ойготсун, жергебизде дайыма тынчтык, элибизде ар дайым ынтымак болсун деген каалоосун билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: