Menu

Карамушкина эл депутатыбы же РФнын өкүлүбү?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрү жөнүндө айта берсе сөз көп. Ар кайсыны сайрап жатышып артист да болуп бүтүштү. Эл алдында бирди айтышса, ЖК трибунасынан чыгып алып бирди сүйлөшөт. Кайсынысына ишенээриңди билбейсиң. Албетте, саясатта депутаттардын эки жүздүүлүгүнө чек жок. А бирок бул жагынан Ирина Карамушкина айым алдына киши салбайт. Кыргызстанда жүргөндө башкача маселелерди кабыргасынан койсо, бир аз узагандан кийин Россияга бараары менен кыргыздарды жамандай баштаган оорусу бар. КР ЖК депутаттары менен Россияга расмий визит менен барганда: “Кыргыздар орустарды басынтып, кыргызча сүйлөгүлө деп мажбурлаганынан сыртка чыга албай калдык. Куурадык, Кыргызстандагы орустарга жардам бергиле!” – деп каңкуулап коллегаларын ыңгайсыз абалда калтырганын депутат Э.Сурабалдиева ушу күнгө чейин айтып келет.

И.Карамушкинанын мындай позицияны ээлешинин артында эмне бар? Кыргыздын жеринде жашап, калп эле тил үйрөнүүгө аракеттенимиш болгону менен котур ташы койнунда болуп жатпайбы? Же Жогорку Кенеште Кыргызстан элинин эмес эле Россиянын өкүлү болуп олтурабы? Деги кантип депутат болду эле? А балким, депутат айымыбызда Россия жарандыгы бар болуп жүрбөсүн? Иринанын эч качан бир нерсеге ыраазы болгонун көрө элекбиз. Дайыма шовинисттик кептерди сүйлөйт. Анысын айтсаң “Кыргызстанда орустарды дискриминация кылып жатасынар!” – деп айгай салат. Ар дайым жумурткадан кыр издейт. Туулган күнүм болуп, 55ке чыгып жатсам куттуктап койгонго жараган жоксуңар деген таризде спикерди омуроолойт да, “Карамушкина баарындардын чекесине чыккан чыйкан болду го” – деп нааразы болот.

Кыскасы, Карамушкина Кудайга да нааразы! Эжекебиз мамлекеттик кызматчылар милдеттүү түрдө тил билишине таптакыр каршы пикирде: “Когда я училасъ в школе и ВУЗе, государство не создало условий для нормального изучения кыргызского языка. Я три года изучаю его, но не выучила на том уровне, чтобы свободно на нем говоритъ. И если завтра будет принят закон, требующий знания госязыка, то я и другие граждане могут просто бытъ вымыты с госслужбы. Это дискриминация по языковому признаку”, – сказала Карамушкина. (биз бул жерде өз сөзүн өз тилинде бердик, болбосо танып коймой адаты бар).

И.Карамушкинанын дагы бир ит адаты бар. Ал карыз сурамай. Анысын өмүрү кайтарбайт дейт билгенде. Алмазбек Шаршеновичтин чөнтөгүн какканды жакшы көрөт окшойт сыягы. Анысы, өтө ишенчек, сураганын карматат да. Кептин ачыгы, И.Карамушкина күн тийген жердин күкүгү. Башкалардын кемчилигин айтса, тилинен чан чыгат да өз жоопкерчилигине келгенде балык болуп туруп берет. Кыскасы, Ирина айым, деги Сиз кимсиз? Кыргыз элин колдогон эл өкүлүсүзбү, кыргыз жерин кордогон Россия жаранысызбы?

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: