Menu

Совет доорундагы эстелик кайрадан Ташкенттин борборуна орнотулат

Бөлүшүү:

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда ар түрдүү улуттагы 15 баланы асырап алган өзбек үй-бүлөсүнүн эстелиги Ташкенттин борборундагы мурдагы ордуна орнотулат.

24-апрелде шаар администрациясы жубайы Бахри Акрамова менен 1940-жылдары мурдагы советтик өлкөлөрдүн батыш аймактарынан 15 жетим баланы асырап алган темир уста Шоахмед Шомахмудовдун эстелиги аянттагы Эгемендик сарайынын алдында орнотуларын билдирди.

«Эл достугунун символу болгон эстелик Ташкенттин көркүнө көрк кошот. Ал борбордо бир үй-бүлөдөй жашап жаткан ар түрдүү улут өкүлдөрүн ынтымакка, биримдикке чакырат», —деп айтылат билдирүүдө.

Шомахмудовдор согуш жылдары 15 баланы асырап алган, алардын арасында орус, казак, беларус, молдаван, латыш, еврей жана татарлар болгон. “Эл достугу монументи” 1982-жылы орнотулган. 2008-жылы аны Өзбекстандын четине жылдырышкан. Былтыр 9-майга карата эстелик Ташкенттеги “Достук” паркына көчүрүлгөн.

Ташкенттин жашоочулары “Эл достугун” шаар борборуна кантип кайтарып келишти (10-май, 2017-жыл):

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: