Жаңы президент шайлангандан бери айрым министрлер кызматынан айдалары айтылып баштаган. Ошондон бери ичкүптүсү бар депутаттар тынч жата албай сөзүн укпаган министрлерден кетпес кегин алганга жанталаша баштады. Айтсак, өткөн жумаларда Кожобек Рысбаев деген депутатыбыз парламент трибунасынан Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди коколоп, ишин сындап, көпчүлүктүн алдында бозала кылган.
Айрымдар: “депутат деген ушундай болуш керек” – деп ооз көптүрө мактаган эле. Көрсө, Кожобек Рысбаев өз кишилерин саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилик кызматка дайындоону Батыралиевден өтүнүптүр. Депутаттын суранычын аткарбай койсо, ЖоКеден ыйкырып чыгыптыр.
Урматтуу Кожобек Жайчыбекович, тааныш-билишти кызматка койбой койсо ага оппозиция болгон саясатты токтотпойлубу?
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ