Menu

Бабановдун оюнуна кандай жооп кылышты билбей Иса Өмүркулов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө батылдык кыла албай аргасы куруп жатат

Бөлүшүү:

“Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун учурда КСДП баш болгон Жогорку Кеңештеги фракцияларга кыр көрсөтүп, баары биздин чечимибизге көз каранды болот деп жер баспай турган чагы. Мындан бир жыл мурун бир комитет дагы ыраа көрбөй кодуладыңар эле, эми күнүңөр түштүбү деп манчыркап КСДПга да, ошондой эле парламенттеги башка фракциялардын башын кошуп президенттен көз каранды болбогон коалиция түзүүнү эңсеп жаткан “Ата Мекенге” да  көздүү мончок көрүнүп, “биз айтканга көнөсүңөр” деген оюн жүргүзүүдө. Буга “КСДПны “Ата Мекен” коалициядан чыкпаса силер чыккыла” деп былгытып, көкүтүп жатып коалицияны бузуп, максатына жеткенден кийин “биздин максат коалицияга кириш эмес” деп ойт берип бааланып жатканы күбө. Мындан улам коалицияны бузаарын бузуп алып, эми Бабановдун оюнуна кандай жооп кылышты билбей Иса Өмүркулов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө батылдык кыла албай аргасы куруп жатат. Албетте, Бабановдун учурда чырагына май таамп жатканы менен, ашыкча көтөрүлө берсе “мышык майга жетпей сасык” дейт болуп “иттен жок же ит байлаган жиптен жок” ара жолдо калышы да мүмкүн.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: