Таластыктар шайлоо таза өтпөдү деп митингге чыкканда, Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев митингчилердин алдына чыгып, “Манас” эпосунан үзүндү окуганга аракет жасабады беле. Анысы президентке абдан жакты. Көп өтпөй эле китеп окуганга аркет кылган Кенеккев кызматынан көтөрүлүп, башбаканадын орун басары болуп борборго келди. Дайыр Кенекеевдин кызмат алмаштырганына эч ким каршы деле эмес. Бирок, бул кадрдын аркасынын көп сөздөр ээрчип жүрбөдү беле. Текебаев менен Чотоновдун түбүнө жеткен “Мегаком” боюнча дал ушул адамдын аты аталып, орус ишкерлеринен доллар сураганы белгилүү болгон. “Мегакомго” чырмалгандардын баары чекесинен башка жакка кетип жатса, Кенекеевди неге эч ким сурабайт ыя? Бишкектин борборунан орун алган арак заводу да жең ичинен сатылып кеткен деп маселе парламентте көтөрүлүп, анда да Кенекеев аты аталган. Бул иш боюнча деле Кенекеев түзүктөп эч кимге жооп берген эмес. Артында көп сөз эрчиген кадрларды Өкмөткө алып келүү менен жаңы Өкмөттүн кадыры кетип калбайбы?
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ