Menu

Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө Франция менен макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев «2016-жылдын 15-апрелинде Париж шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен Француз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын  19-октябрында кабыл алынган.

Макулдашуу дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн башка Тараптын мамлекетинин территориясына кирүүгө жана чыгууга, транзитке жана жүрүүгө жүз сексен (180) күндүн ичинде 90 күнгө чейин виза алуу талаптарынан бошотуу  каралган.

Бул макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Француз Республикасынын дипломатиялык паспорттору бар жарандарынын өз ара катышын жеңилдетет жана  эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу келишимдик-укуктук базаны кеңейтет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: