Кечээ, 14-сентябрда Ноокат районунда “Хендай Портер” жүк ташуучу унаасы сууга кулап, дайынсыз болгон эки жүргүнчү изделүүдө. Бул ууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтар боюнча, жол кырсыгы Ак-Терек – Папан – Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында, Күн-Дөбө айылынын аймагында болгон. Унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.
Унаанын ичинде үч адам болгон. Алардын бири – 1974-жылы туулган эркек киши аман калган. Аны Ош облустук ооруканасына өтүп бара жаткан унаалар жеткиришкен.
Ал эми 1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган бала дайынсыз болууда. Окуя болгон жерге үч куткаруучу жеткирилген, бирок караңгы болуп кеткенине байланыштуу издөө-куткаруу иштери убактылуу токтотулган. Издөө штери бүгүе улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ