Menu

Кеминде унаа урдоого шектелип 29 жаштагы аял кармалды

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Кемин районунда унаа уурдаган адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, 4-сентябрда милицияга 25 жашагы Н.Б. аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү өзүнүн унаасын айдап Кеминге сапар тарткан. Кант шаарына жеткенде жолдон сапарлаш кылып кызды унаасына салып алган. Алар жолдо бара жатып сүйлөшүп, Кемин районунан таанышкандарын белгилөөнү чечишкен. Майрамдап отурган учурунда айдоочу уктап кетип, кыз чөнтөгүнөн унаанын ачкычын сууруп чыгып, унааны уурдап кеткен.

Бир нече сааттан кийин шектүүнү Токмок шаарынын Жол кайгуул кызматынын инспекторлору кармашкан. Кармалган учурда 29 жаштагы Б.А. мас болчу. Ал Кемин РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: