Menu

Жалал-Абад: капиталдык салымдар көбөйдү 

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында курулуш тармагына капиталдык салымдарды жумшоо көлөмү улам артып жаткандыктан өткөн жылга салыштырмалуу курулуп пайдаланууга берилген турак жай аянттары кыйла көбөйдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, шаарда капиталдык салым жумшоо багытындагы быйылкы иштер да жаман болгон жок. Өткөн жылы алгачкы жети ай мезгилинде шаар боюнча жумшалган капиталдык салымдардын көлөмү 319,6 миллион сомго жеткен болсо, быйылкы жети айда анын көлөмү 442,3 миллион сомго жетти. Демек, өткөн жылга салыштырмалуу 122,7 миллион сомдук капиталдык салымдар көп болуп, өсүү темпи 138,4 пайызды түздү.

-Ошондуктан, капиталдык салымдардын көлөмүнө жараша курулган турак жайлардын жалпы аянты да көбөйүп жатат. Өткөн жылы жети ай ичинде курулган турак жайдын жалпы аянты 9019 чарчы метрге туура келсе, быйылкы жети айда анын аянты 12 миң 537 чарчы метрге жетип, салыштырмалуу 3518 чарчы метрге көптүк кылат. Демек, өткөн жылга карата өсүү темпи 139 пайызды түздү, – дейт ал.

Эскерте кетсек, турак жай куруу тармагында негизинен жеке менчик капитал орун алып, шаарда курулуш индустриясы да улам жанданууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: