Жогорку Кеңештин депутаты Искак Пирматовдун «Эл аралык маселелер» боюнча комитетке төрага болуп шайланышы коомчулукту иренжитти. Эгер бийлик анын кызматтагы алешемдиктерин билбей калса, кайрадан жандандырып, коомчулуктун талкуусуна койсо болот. Анын орду комитет эмес, түрмө болчу. Коррупциялашкан бир топ далилдүү маалыматтар ачыкка чыгып, тилекке каршы Пирматов жоопко тартылбай келет. Эми бетин табактай кылып эл аралык комитетти башкарат имиш. Мындай парламенттин бизге кереги жок, тарасын!
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ