КСДПчы депутат Узарбек Жылкыбаев (Акаев учурунда УКМКны башкарган жаш генерал Калык Иманкуловдун бөлөсү) депутат болгону Ысык-Көл облусундагы кадрдык иштерге ыксыз башын салып келгени бир катар маалымат булактарында айтылып, жазылып келе жатат. Айрыкча, Балыкчыдагы активисттерге барган сайын кадрдык маселелер боюнча таасирин көрсөткөнгө аракет кылганы чынбы? Берки “сары чийкил” Данияр Аттокуров экөө Ысык-Көлдөгү шаар, район жетекчилерин “тытмалап”, кадрдык иштерге баш салышкандан кетеби? Өмүрү айткан убадасына турбаган Узарбек арыдан-бери болуп, кичи мекениндеги кадрдык саясатка баш салганын токтотпосо болбойт го? Атамбаевге туура маалымат жетсе, бул нойон оңбой калбайбы?
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ