Menu

Дастанбек Жумабеков Ош облусунун активи менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламент депутаттары Ош облусунун активи менен жолугушту. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу жүрүшүндө жергиликтүү эл аймактагы жол, суу, мектеп, оорукана жана жылуулук көйгөйлөрү сыяктуу бир катар социалдык маселелерди көтөрүштү.

Ар бир айтылган маселени тиешелүү мекемелерге жеткирип, көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөрүн айткан Дастанбек Жумабеков өлкөдөгү учурдагы абалга учкай токтолду. 2010-жылдан бери өлкөдө жүргүзүлүп келген реформалар тынымсыз улантылып жатканын белгилеген Дастанбек Жумабеков саясий айдыӊда жаштардын жигердүүлүгү жогорулай баштаганын мисал келтирди. Ошондой эле Төрага биометрикалык маалыматтарга негизделген шайлоо өнөктүктөрү элдин эркин тандоосуна жол ачканын мисал келтирип: “Коррупцияга жана мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы мамлекет тарабынан жүргүзүлүп саясатка коомчулук да көмөктөшүүсү зарыл. Президентибиз да мамлекеттик казынаны элдин кызыкчылыгы үчүн пайдалануу талабын коюп жатат” – деди.

Жогорку Кеӊештин ишмердүүлүгү тууралуу да кыска маалымат берген парламент Төрагасы: “Бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгаруу аркылуу мамлекетибизди гүлдөтө алабыз. Андыктан, убактылуу кыйынчылыктарга карабай, мамлекет үчүн таза иштейли. Тууганчылык, жердешчиликтен арылып, чыныгы кесипкөйлүккө гана басым жасайлы. Ал эми Жогорку Кеӊеш элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган керектүү мыйзам долбоорлорун кабыл алууну улантат”, – деп кошумчалады.

Жолугушуунун соӊунда келе жаткан жаӊы жыл майрамына карата бир катар жаш өспүрүмдөргө өзү ала барган белектерин да берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: