Menu

Президент Садыр Жапаров кризиске каршы чараларды сунуштады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда экономикалык кризистен чыгуу боюнча сунуштарын тизмектеди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөзз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын айтымында, былтыр ички дүң продукциянын өсүш темпи дээрлик 9 пайызга төмөндөдү. Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Ошондой эле бюджеттин дефицити мурдагы жылдарга караганда 3 эсеге өсүп, жыл соңуна карата тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга карата 58 пайызды түзүп, эң эле опурталдуу чекке жетти.

«Улуттук кызыкчылыктар корголбостон, инвестицияны кор тутуунун натыйжасында стратегиялык тармактарыбыз — энергетика жана тоо-кен тармактары жабыркады. Айыл-чарбасы майда товар өндүрүүнүн деңгээлинен көтөрүлө албай, өнүмдүүлүгү төмөн. Экономикалык кыйын кырдаал элибиздин социалдык абалын күн санап оорлотууда. Биз билекти түрүнүп, белди бекем бууп, алдыга карай иш-аракеттирибизди күчөтүшүбүз керек», — деп билдирди Президент.

Анын сөзү боюнча, жакын арада шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш карайт.

«Бул жолку шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турат. Анткени, административдик кийлигишүүгө тыюу салганыбыз менен, добуштарды сатып алуу сындуу көрүнүштөр кечээги жергиликтүү шайлоолор маалында байкалды. Мындай көрүнүштөрдү түп-тамырынан бери жоёбуз. Буга күчүбүз да, эркибиз да жетет. Боршайком жергиликтүү шайлоолор боюнча адилеттүү чечим чыгарат деп ишенем. Биз добуш сатып алуу жолу менен шайланып келүү мүмкүн эмес экенин эскертип, мындан ары элге да, саясатчыларга да сабак болушун далилдешибиз керек», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Андан ары Мамлекет башчысы экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн бир нече милдеттерди ишке ашыруу зарылдыгына токтолду.

«Биринчи милдет — мамлекетке инвестициялардын агымын жогорулатуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү. Ал эми Өкмөт менен Улуттук банктын алдындагы эң чоң милдеттердин бири — экономиканы капитал менен камсыздоо.

Экинчи милдет — өлкөбүздүн изоляцияда калуусуна жол бербөө. Мунун эки шарты бар: биринчиси, соодадагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүрүшүн камсыздоо. Экинчи шарты, вакцинация маселеси. Калкты эмдөөдөн өткөрбөсөк, пандемия шарттарында жарандардын ары-бери каттоосуна бөгөт болгон маселеге айланат.

Өкмөттүн алдындагы үчүнчү милдет — азык-түлүк товарларынын кымбатташына жол бербөө. Өкмөт калкты социалдык жактан маанилүү товарлар менен камсыздоо маселесин көз жаздымда калтырбай, бааларды тез арада жөнгө салышы керек!

Антикризистик саясаттын кийинки өңүтү — чечимдер тез кабыл алынып, ыкчам аткарылышы керек. Министрлер кабинетинен чукул кырдаалдын режиминде, күнү-түнү иштөөсүн талап кылам! Антикризистик режимдин шартында иштөөнү жергиликтүү бийликтерден да талап кыламын», — деп айтты Президент Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: