Menu

Президент Садыр Жапаров кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөрдү

Бөлүшүү:

«Эгерде биз жүүнү бош, дарамети тайыз мажүрөө эл болсок, анда тарыхтын тегирменинде калып, ың-жыңсыз жоголгон эчендеген элдер сыяктуу эле эбак атыбыз өчүп, жок болмокпуз. Бирок биз кең Евразиянын мейкиндиктеринде, ондогон кылымдар бою „кыргыз“ экенибизди унутпай, жемибизди жедирбей, өз шыбагабызды көшөрүп талашкан өжөр элбиз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда.

Мамлекет башчысы, кыргыз эли цивилизациялар чектешкен, түркүн маданияттар ашташкан жердин чок ортосунда жашап жаткандыгына токтолду.

«Демек, кыргыз ааламын таанып, өз жолубузду, башкача айтканда, өзүбүзгө ылайык экономикалык моделибизди табуу зарыл.

Ийри отуруп, түз кеңешип, алдыбыздагы ушул улуу мүдөө-максаттын оош-кыйыш маселелерин талкуулап алуу үчүн эгемендүүлүктүн отуз жылдыгынын алдында кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөрүүнү эп көрүп турам.

Ар бир эл өзү аздектеп ардактаган дөөлөттөрдүн негизинде гана өз турмушун уюштурат. Биздин эл эзелден туу тутуп жашаган эки баалуулук бар, алар — эркиндик жана акыйкаттык.

Баарыбыз чогуу жакында эле анык көрдүк, күн сайын көрүп жатабыз — эл адилетсиздикке чыдай албайт, укуктарын чектеген жашоого макул эмес.

Биз „табигый башкаруу“, „улутубуздун табиятына жараша башкаруу“ концепциясын киргизебиз. Анын негизги жобосу — ар кандай чечим кабыл алуудан оболу жарандардын кызыкчылыктарын алдын-ала макулдашып алуу. Дал ушул себептен улам биз Конституцияга Курултай институтун киргиздик», — деп билдирди Президент Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: