Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 4-декабрында, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралу КР Президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-казак кызматташуунун актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашуулар кандай аткарылып жаткандыгын, ошондой эле алдыда боло турган көп тараптуу эл аралык иш-чараларга катышууну талкуулашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ