Menu

Жолборс Жоробеков, серепчи: “Сарсанаа кылган саясат”

Бөлүшүү:

Редакциябызга белгилүү илимпоз, публицист Жолборс Жоробековдун көлөмдүү макаласы келип түштү. Автор көтөргөн экономика, саясат тууралуу маселелер аябай актуалдуу болгондуктан, биз бул макаланы сандан-санга берүүну туура таптык.

Эгемендүүлүккө жеткенибизге отуз жылга жакындап баратат. “Мына ушул жылдар ичинде кандай окуялар өттү, кандай жерден катачылык кетти, мындан да жакшы жашасак болот беле, ошолордон сабак алып эми эмне кылышыбыз керек?” деген толгон-токой суроолор аркы-беркини түшүнгөн адамды сарсанаага салат болуш керек. Айрыкча саясат таануу жагында алектенген окумуштуулар коомдо болуп өткөн окуяларга “жакшы”, “жаман” деп баа берүү менен гана чектелип келатат. Ал эми идеясында башкача болушу керек эле.

Союздун карамагындагы республикалар эгемендик алгандан кийин ар кимиси өз жолдору менен кетишти. Адеп башталганда республикалардын старттык башталышы болжолдуу бирдей деңгээлде болгону менен, бүгүнкү күнгө карата алардын социалдык-экономикалык жагдайы ар башкача болуп калды. Бул эмнеден? Бизде “адегенде демократия, андан кийин экономика” деп жүрүп ушуга келдикпи, Же Н.Назарбаевдин Сингапурду туурап, “баштап экономика, андан кийин демократия” дегени туура болдубу? Эгер Н.Назарбаев тутунган саясат туура десек, анда марксизмдин “философия, илим, саясат менен алектениши үчүн алгач адамга үстүндө үйү, астында ашы, кийим-кечеси болушу керек” деген жобосу туура болуп жатпайбы. Азыр болсо макрксизмдин бизди ушул деңгээлге жеткирген пландуу экономикасынан баш тартып жатпайбызбы? Демек, ушуга окшогон көптөгөн суроолорго жооп алыш үчүн биздеги жана бизге канатташ-тектеш мамлекеттерде саясый процесстер кандай нукта баратат жана кандай болушу мүмкүн (?) деген маселелер кызыктырат. Аларды биз биздеги жана жакынкы өлкөлөрдө жазылган аналитикалык материалдардан жана жарык көргөн монографиялардан табабыз. Социалдык-экономикалык турмуш Орусия, Казакстан, Өзбекстанда анча-мынча окшош болгону менен Кавказдагы республикалардан жана Тажикстан менен Түркмөнстандан кескин айырмаланат. Мен бул жерде атайылап эле Балтика боюндагы республикаларды тизмекке кошкон жокмун, алардын деңгээли СССР мезгилинде эле башкача болчу. Латвия, Литва жана Эстония экинчи дүйнөлүк согуштун астында гана СССРге кошулган. Ага чейин эле алардын коомдук өсүшүндө рынок мамилелери пайда болуп, фермерлик жеке чарбалар өнүгүп калган эле. СССРге кошулуп колхоз-совхоздорго бириктирүү аларга кайра артка кетүү болуп эсептелген. Ошондуктан СССР жоюлганда башка республикаларга караганда эч кандай «балалык оорусу» жок эле тез эле рынок мамилелерине өтүп кетишти. Ал кезде бизде, Кыргызстанда башкарма, бригадири жок, “кой-ай” деген адам жок, дүкөндөрдүн тегерегинде эле жүрүп калбадыкпы. Мына эми гана “өзүм дегенде өгүздөй кара күчүм бар” деп “мамлекет берет, мамлекет багат” деген догурунма психологиядан кутулуп, өзүбүздүн жашообузду өзүбүз оңдой баштадык.

Демек, Кыргызстандагы социалдык-экономикалык, саясый процесстер да өзүнчө жана өзгөчө өңүттөн өнүгүп келет. Ким билет, азыр эми болжош кыйын, биринчи президент А. Акаев эмес А.Масалиев же Ж.Аманбаев, Н.Исанов, А.Жумагулов же кыргыздын дагы бир дээринде бар, аркы-беркини түшүнгөн, Н.Назарбаев, И.Каримовдой чыгаан уул-кыздарынан бирөө президент болуп калганда, Кыргызстандын соңку жаңы тарыхы кандай багытта кетип, биз азыр кандай деңгээлде жашайт элек, болжош кыйын. Бул деле патриарх жазуучубуз Т.Сыдыкбеков айтмакчы, И.Раззаков дагы бир 10-15 жыл биринчи катчы болуп тура турганда, же С.Ибраимов биринчи катчы болуп калганда, же андан арыраак барганда Ю.Абдрахманов өлкөнү жетектеп калганда Кыргызстан башкача болот беле (?) дегендей сөз.

Бирок, биз азыр ойлогондой болгон жок, А.Акаев биринчи президент болду. Алгачкы беш жыл бүт коом эйфорияда болдук. «Жакында Швейцария болобуз» деген изги максат бар эле. Кийинки беш жыл да кандайдыр бир жакшылыктарды күтүү менен өттү. Үчүнчү беш жылдыгы көңүл калгандык, пикет, митингдер менен өтүп, аягы кууп жиберүү менен бүттү. Акаевдин мезгилинде Усубалиевден келе жаткан көмүскө трайбализм күчөп, массалык коррупция менен мамлекеттин мүлкүн уурдоо апогейине жетти.

Кыргыз эли “А.Акаев окумуштуу экен, чарбаны түшүнбөдү, мына чарбакер Бакиев келди, эми оңолобуз” деп чоң үмүт кылды эле. Экономикада анча-мынча өсүш-жылыш болгону менен бир туугандары жана уулдарынын жосунсуз жоруктарынын айынан эл аларды да кууп жиберди.

Андан кийин жүздөй баланын каны менен бийликке келген Атамбаевден да элдин ишеничи чоң болчу. Бирок анын мас экени же соо экени билинбей, аңды-деңдү “балп” эттире сүйлөп, шоферу, секретаршалары аркылуу чентөгүн толтуруп бул да кетти. Бирок жөн кетпей, бир топ жаш жигиттердин убалына калып, алдыңкы 20 жылда алынган карызыбызды бир канча эсе чоңойтуп, элдин мойнуна миллиарддаган карызды илип кетти.

Эми жакшылыктан үмүтү үзүбөгөн эл Жээнбековдон кандайдыр бир иштиктүү иштерди күтүп жатат. Мына ушунун баары эгемен Кыргызстандын соңку жаңы тарыхы. Ал эми ошол тарыхты жасагандар, ошонун ичинде болгондор, ага тикеден-тике катышкандар, ал кезде жетекчи болгондор, чечим кабыл алгандар же болбосо жакындан байкап, аралаш жүргөндөр өздөрү жазгандары аркылуу ошол мезгилди реконструкциялап, биз ошолор аркылуу соңку жаңы тарыхыбызды тактайбыз.

Ошондуктан ал жазылгандар бир адамдың көз карашы болгондуктан, анда сөзсүз субъективдүү жагдайлар болот. Ошол субъективизмди бир канча булактардан окуп, салыштырып, чынында кандай болгонун аныктаса болот. Айталы, Масалиевди “кулатуу” кандай сценарийде жүргөнүн А.Масалиевдин өзүнүн А.Эркебаевдин, К.Акматовдун, Ж.Сааданбековдун, А.Жумагуловду ж.б. көптөгөн авторлордун макала китептериндеги айткан-дегендерин, архивдеги стенограмма менен салыштырып, чынында кандай болгонун аныктаса болот. Ошондо биз чыныгы реалдуу картинаны, соңку жаңы тарыхыбызды тактай алабыз.

Эгемен жылдар ичинде биздин саясый тарыхыбызды ар түрдүү жагдайларын чагылткан публицистикалык аналитикалык макалалар мемуардык жана илимий көптөгөн китептер чыкты. Алардын бардыгына комментарий бериш менин милдетиме кирбейт. Ошентсе да А.Жумагулов, Т.Чынгышев, Ф.Кулов, А.Эркебаев жазган китептерге чөп башылап өз көз карашымды билдирейин деп чечтим. Анткени жогоруда айтылгандай, коом алмашкан мезгилде булар негизги окуялардын чордонунда болгон тагдыр чечүүчү документтерди кабыл калышкан. Астыңкы үч автордун эмгектери мемуардык жанр болсо, Эркебаевдин китебин илимий эмгек катары сыпаттаса да болот.

Эгемендик жылдар ичинде премьер-министр болуп Апас Жумагуловдой көп иштеген адам азыркыга чейин жок. Ошондуктан бул кишинин китебине пикирди “Узак жол” деп атадым. Ал эми Т.Чынгышевдин эмгеги жөнүндө “Келесоолор менен жалкоолор эле уурдабайт” дегенимдин себеби, союздан калган мүлктү ушул киши өкмөттү жетектеп турганда “канталамай” башталган. Ал эми Ф.Куловдун китеби “Ашууда” деп аталганы менен президенттик кресло ага бардык параметрден жарашат эле, бирок буйрук болбоптур. Ошондуктан анын китебине арналган жагын “Амбиция, позиция жана оппозиция” деп атадым. Аягында А.Эркебаевдин материалына багышталган жагы “Татаал жол” деп аталат. Демек, эгемендүүлүктүн жолу узак эле эмес, ал татаал да, азаптуу да экен. Ошентип бул төрт автордун эмгектерин жөн эле кургак комментарийлебестен, ага өз көз карашыбызды да билдирүүгө аракет жасадык. Ошентсе да негизги сызык алтын маселеси менен өтөт деп ойлойм.

Узак жол

Анда эмесе сөз А.Жумагуловдун “Ордуна эмне бердик?”, (“Что отдано взамен?”) деген орус тилинде 2008-жылы чыккан китеби жөнүндө болмокчу. Мен бул материалымда М.Элебаевдин “Узак жол” деген чыгармасындай аташымдын да себеби эле А.Жумагуловдой узак жылдар бою Кыргызстандын саясый асманында мамлекеттеги экинчи адам болуп үч жетекчи менен (Т.Усубалиев, А.Масалиев, А.Акаев) иштеген инсан жок. СССР деген чоң империя кулай электе эле Т.Усубалиев менен “тил табышып”, ал кишинин ишенимине кирип үзөңгүлөш иштесе, А.Масалиевдин мезгилинде өкмөттү жетектеп, “биздин арабызда А.Масалиевдин деңгээлинде адам жок” деп бир топ жемиштүү иштеди. Кийин А.Акаевдин убагында экинчи жолу өкмөттү жетектеп, азыркыга чейин премьер-министр болуп эң узак иштеген өкмөт жетекчиси болду. Иштин көзүн билгендиги, адамдардын тилин тапкандыгы, тажрыйбасы жагынан А.Жумагуловго тең келе турган инсанды табыш кыйын. Аталган китебинин көлөмү да өтө чоң. Төрөлгөндөн бүгүнкү күнгө чейинки баскан-турганы, окуганы, диссертация жазганы, бир кызматтан экинчи кызматка улам жогорулап отурганы, өмүр жолунда үзөңгүлөш болгону жана кимдин кол астында иштегени, кимдер өзүнүн кол астында иштегени жөнүндө чып-чыргасын коротпой 25 басма табактай китепке кирген. Бул жагынан алганда, А.Жумагулов да өзүнүн устаты Т.Усубалиевден анын иш тажрыйбасын эле албастан, китеп жазууда да анын жолу менен кеткенин көрсөтөт. Анткени жазган бардык материалдарын документтер менен көрсөтөт, мындай карасаң эч бир кынтыксыз көрүнөт. Ушул жерде мен өзүм күбө болгон бир окуяны көрсөтө кетейин.

Ноокаттын тамекиси дүйнөлүк базарда өтө жогору бааланганы анын сапатынын жакшы болушу ошол жердин – Ноокаттын микроклиматына байланыштуу болгон. Ушуну жакшы анализдеген америкалык «Филип моррис» деген чоң фирма Кызыл-Кыядагы тамеки ферментациялаган заводдун базасында сигарет чыгара турган фабрика курмак болот. Анын кызыл лентасын да өтө жогорку официалдуу адамдардын катышуусунда кесишкен. Бирок “үстөк пул” “10 процент” пара сурай берген борбордогу чиновниктерден жадаган фирмачтар Кыргызстандан кетип калат.

Алар ушул эле Ноокаттыкындай климаты бар, демек, ошондой эле сапаттагы тамекини өндүрсө болот деп Алматынын жанындагы Чилек деген районду изилдеп табышат. Казактар эч кандай “үстөк пул”, “10 процент” ж.б. жок эле Алматыдагы сигарет чыгарган фабрикасын да реконструкциялап алууга беришет. Ал жердегилер тамеки өстүрүүнү билбегендиктен, Ноокаттан тамеки өстүргөн тамекичилерди 1-2-жыл үй-бүлөсү менен алып барып, акчаны мол төлөп, тамеки өндүрүшөт. Өмүрү тамеки айдап көрбөгөн жергиликтүүлөр тамеки өндүрүүнүн процесстерин 1-2 жылда үйрөнүп, өздөштүрүп алышкандан кийин ноокаттыктарды кийин чакырбай эле коюшту.

(Уландысы бар)

Жолборс Жоробеков, саясат илиминин доктору

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: