Menu

Шаңшысын кыргыз комузу, өчпөсүн кылым добушу

Бөлүшүү:

Бердибекова Мастура Сүйүновна жетектеген “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборундагы “Кыргыз көчү” комузчулар ансамбли, улутубуздун улуттук аспаптырынын бири комуз аспабын даңазалап, тарыхын, ачыла элек сырларын дагы да болсо карапайым калкка, кичинелерге эле эмес чондорго дагы жеткиликтүү болсун деген каалоосу менен күү кечесин өткөрдү. Кече белгилүү комузчулардын, ырчылардын жана аткаруучулардын катышуусу менен коштолуп комуздун тарыхын, күүсүн, чет жердеги ордун изилдеп жүрген илимпоздбодун, маданият, этно музыка таануучулардын акыл кеби менен кызыктуу өттү. Мотурайган бөбөктөр колуна комуз алып, келген коноктордун жана ата-энелердин маанайын буруп, шаңга бөлөдү. Жаштайынан чыгармачылыкка улутубуздун улуттук аспабы менен талпынган бөбөктөрүбүздү көрүп, учубуздун кур эмес экендиги сыймыктандырат.

Күү кечесинде 7 муунду карыткан байыркы элдик комуз аспабын аталган ансамблде окуган Най-абеков Санжардын чоң апасы Турсун Намазова апанын колунан баардык катышуучулар көрүштү.

Бул аспаптын байыркылыгы табигый натуралдык (жыгач, ичеги) каражаттардан жасалганы менен, дайыма эл арасында колдонулуп жүргөндүгү менен баалуу экендиги ушул күндөрү ачыктан ачык билинип турат. Турсун апа бул комузду өзүнүн ата-бабаларынан кантип алып калгандыгын, ушул күндөргө чейин сактап келгендиги жөнүндө айтып берди. Бул аспап кыргыз элинин куту экендигин түшүндүрдү, небереси Санжарга ыйык аспапты татыктуу өздөштүрүп, 7 атасынан калган аспапты таберик тутуп, чертип жүрүүсүн ниет кылып, батасын берди. Учурдагы болгон көрүнүш көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду жана өтө кызуу талкуу жаратты. Комуз аспабынын тарыхын изилдөө маселелерине байланышкан суроолорго ансамбль жетекчиси Бердибекова М.С ынанымдуу жоопторду берди.

Ошондой эле бул күү кечесинде 1956-жылдардан баштап комуз дүйнөсүнүн жаратылышын изилдеген жана аны ноталык жазмага түшүргөн, 50 жылдай бул эмгектери белгисиз болуп келген алгачкы комуз изилдөөчү Таштанбек Чыналиевдин өмүр таржымалы жөнүндө Бердибекова М. С. өзүнүн изилдөөлөрүн баяндап өттү. Бул кечеге атайын чакырылган Таштанбек Чыналиевдин кыздары Чынара Мурдатаева жана Гүлнара Бекболиева Таштанбековналар атасынын комуз изилдөөдөгү эмгектери жөнүндө кенен баян куруп беришти. Президентибиздин Жарлыгына байланышкан бул “Комуз күнү”, Таштанбек Чыналиевдин комуз дүйнөсүн кыргыздын дагы бир дөөлөттөрүнүн бири катары илимге салгандыгы бул даталуу күнгө туш келип турат. Андыктан, бул инсанды “Комуз таануу илиминин негиздөөчүсү катары коркпой коомчулукка жарыялаган эң туура” – дейт Бердибекова Мастура.

Бул кечеде андан сырткары кыргыз комуз музыкасынын бүгүнкү күндөгү абалы, келечеги жөнүндө белгилүү этно-музыка таануучу Кыдырбек Абдыжапар өзүнүн чогулткан изилдөөлөрүн айтып өттү. Ошондой эле учурдагы комуз музыкасын терең изилдөө маселелерине токтолду. Эл аралык музыка дүйнөсүндө комуз музыкасынын башка элдердин аспаптарынан айырмаланган өзгөчө орду бар. Аны терең изилдөө талап кылынаары учурдун актуалдуу маселелерин бири. Анткени, кыргыз дүйнө таанымында “Манас” эпосунун канчалык орду бар экендиги сыяктуу кыргыз комуз күүлөрүнүн ролу да өтө бийик.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев адамзаттын музыка дүйнөсүндөгү шайкештик маселелери (гармония) жана кыргыз таануудагы комуз күүлөрүнүн орду боюнча кенен сөз кылды.

Ал эми 2 томдук “Кыргыз күүлөрү” китебинин автору маркум Асан Кайбылдаевдин байбичеси Тоту Кайбылдаева жаш жеткинчектерди комуз күүлөрүн чертүүдө тарыхын баяндап чертүүгө чакырды. Асан Кайбылдаевдин эмгектери кыргыз комуз күүлөрүн изилдөөдө табылгыс байлык катары калың журтчулукка кызмат кылаары талашсыз чындык.

Күү кечесинде чет жерде жүргөн, “кыргыз” деп жүрөгү соккон, патриот кыргыз атуулдарыбыздын бири Тоту Арзыгулова бул күндү Президент тарабынан убагында колдоого алынгандын кубаттоо менен белгиледи. Бүгүнкү Күңдө чет жерде жашап, комуз үнүн укпай чоңоюп келе жаткан жаш муундар есүп келе жатат. Келечекте аларды туура тарбиялоо маселелеринде комуз үйрөтүү сабактары боюнча китептер чыгып, ушундай күү кечелери чет жерде жашаган кыргыздарга дагы байма-бай өткөрүлүп турушун сунуштады.

Жоомартбек кызы Гүлжан

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: