Menu

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5 миллиондон ашты

Бөлүшүү:

Жон Хопкинс атындагы университеттин маалыматына караганда, Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктуруп алган кишилердин саны беш миллиондон ашты.

Алардын басымдуу бөлүгү АКШ жарандары. Кошмо Штаттарда 550 миңден ашуун адам COVID-19 илдетине чалдыкты. Андан кийин Орусияда 317 миң учур, Бразилияда 293 миң учур катталды. Вирус көп жайылган бешилтикке Улуу Британия менен Испания да кирди.

Дүйнөдө жалпысынан 329 миң киши коронавирус жуктуруп алгандан кийин көз жумду. Биринчи орунда Кошмо Штаттар турат: 93 миң киши набыт болду. Вирус Улуу Британияда 35 миң, Италияда 32 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Бешилтикте Франция менен Испания да бар.

Бразилияда соңку суткада эле коронавирусту 20 миңге чукул адам жуктуруп алып, 889 адам өлдү. Эпидемия башталгандан бери 18 860 киши кайтыш болду. Сан-Паулу штаты жана анын административдик борбору вирустун очогуна айланды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: