Menu

Шавкат Мирзиёев бүгүн Түркмөнстанга барат

Бөлүшүү:

Бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркмөнстан башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу менен Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына барат.

Саммитте климат өзгөрүп жаткан азыркы шартта Арал деңизинин бассейниндеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусуна байланышкан актуалдуу маселелер каралат. Анын жыйынтыгында Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат деп күтүлүүдө.

90-жылдары Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлгөн Аралды сактоо фонду — Аралды сактоо жана ал аймактагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча биргелешкен долбоорлор менен программаларды каржылоого багытталган.

Гурбангулы Бердымухамедов Шавкат Мирзиёевди Түркмөнстанда өтө турган бул саммитке июндун аягында телефон аркылуу сүйлөшкөн маалда чакырган.

Өзбекстан президенти былтыр Түркмөнстанга үч жолу барган. Ал сапарларынын жүрүшүндө Мирзиёев өлкөлөр ортосунда чечилбеген бир дагы маселе калбаганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: