Menu

Путиндин тапшырмасы менен келген Козак менен жолугушууда Жээнбеков менен Жапаров кандай шартка макул болуп, кол алышкан?

Бөлүшүү:

Жакында Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаров Бишкекте РФ Президенти Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушканы белгилүү.

Ал жолугушууда  Путиндин атынан сүйлөгөн Козак ортомчу катары тараптарды өлкөнү туруктуулукка алып келүүгө чакырып, президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөрүп, жаңы президенттик шайлоону дайындап, анан отставкага кетсин, ал эми Садыр Жапаров премьер-министр кызматын аркалап кетсин деген сунушун айткан. Буга эки тарап тең макулдугун берип кол алышкан. Бул тууралу биздин өкмөттөгү булактарыбыз билдирди.

Ал макулдашуунун негизинде Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүүгө жана анын өкмөт мүчөлөрүн дайындоо боюнча указдарга кол койгон.

Ал эми Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кыла баштады.

Сооронбай Жээнбеков өлкөдө туруктуулук орноп, парламенттик шайлоо өткөндөн кийин отставкага кетем деп билдирүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: