Menu

“Эгерде Кыргызстан кредит алганын уланта берсе, анда карыздын сазына батуу тобокелчилиги бар”

Бөлүшүү:

Соңку жылдары тоо-кен тармагы мамлекеттик бүджеттин 5% жана 10%ын гана түзүп калды. Бул тууралуу Экономика министрлиги жарыяланган анализде айтылат. Өкмөт тоо-кен тармагынан гана киреше табууга басым жасабай калса да, анын жок болушу республиканын экномикасына оор тиет. Эгерде бул тармактан киреше табабыз десек, анда аны өнүктүрүп, таасирдүү салык салууну жөнгө салууга туура келет. Бирок азыр түшүп жаткан төлөмдөр да коркунучта. Бүгүнкү күндө тоо-кен тармагында эң башкы булак – Кумтөр кени. Аны иштетип жаткан тарап жумуштарды 2026-жылы токтотобуз деп туран чагы. Ошондуктан жаңы инвестициянын жоктугу оркоюп эле көрүнүп калары бышык.

“Өндүрүштүн мындай төмөндөшүн башка ишканалар толуктай алат, жакында эле киришкен же даярдалып жаткан кен иштетүүлөргө ишеним артса болобу? Так кесе айтуу кыйын. Тилекке каршы, алар жаңы финансылык кыйынчылыктарга туш келчүдөй абалда. Кыргызстандын мамлекеттик карызы зор, бүджеттин 17%ы карыздарды жапканга кетет. Эгерде өкмөт кайра эле кредит алууну уланта берсе, анда өлкөбүз “карыздын сазына баткан тобокелдүү өлкөлөрдүн” катарына кирип калат”, – деп айтылат анализде.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: