Menu

Бүгүн айтылуу актер Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-ноябрь КРнын эл сүрөтчүсү, атактуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнү. Тирүү болгондо 80 жашка чыкмак экен. Учурда Кыргызстандын бардык аймагында 80 жылдыгына арналган иш чара өтүүдө.

Эске сала кетсек, кечээ, 8-ноябрда Түркия мамлекетинин Анкара шаарында атактуу артисттер Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаеванын чыгармачылыгына арналган кече болуп өттү.

7-ноябрда Улуттук көркөм өнөр музейинде көргөзмө ачылды. Буга чейин Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейинде Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын өмүрлүк жары Салима Шабазованын элесине арналган “Эсимде” аттуу көргөзмөсү алардын баласы Бактыгул Чокморовдун демилгеси менен 15-октябрда ачылган. 10-ноябрга чейин көргөзмө уланууда.

30-октябрда Сүймөнкул Чокморовдун музейинде “Сүймөнкул Чокморов” аттуу үч (кыргыз, орус, англис) тилде китептин бет ачары болгон.

17-ноябрда – Кыргыз кино күнүндө Чокморовдун 80 жылдык мааракеси белгиленет. Дал ошол күнү жаңы айкели да тургузулат.

«Эң мыкты эркек актёр» наамын төрт жолу алган Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусундагы Чоң-Таш айылында туулган. Ал 1992-жылы 53 жашында каза болгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: