Menu

Демократтар Мюллердин иликтөөсүн коргоо үчүн мыйзам долбоорун сунуштоого даяр

Бөлүшүү:

Демократиялык партия 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого Орусиянын ыкымал кийлигишүүсү боюнча иликтөөнү коргоо боюнча Конгресске мыйзам долбоорун киргизүүнү кароодо.

Бул иштин алкагында атайын прокурор Роберт Мюллер Дональд Трамптын шайлоо штабынын кызматкерлери менен орусиялык чиновниктердин ортосундагы кутумду дагы иликтөөдө.

11-ноярда CNN телеканалына интервью берген демократиялык азчылыктын лидери Чак Шумер эгер башкы прокурордун милдетин аткаруучу Мэттью Уитакер иликтөөнү көзөмөлгө алуудан баш тартпаса, Демократиялык партия “орусиялык кийлигишүүнү” иликтеп жаткан атайын прокурор Роберт Мюллерди коргоо боюнча мыйзам долбоорун демилгелей турганын айтты. “Эгер ал (Уитакер. – Ред.) иликтөөнү көзөмөлдөй берсе, Мюллерге жолтоо болуп, же жумуштан кетирип, конституциялык кризис жаратат, ошондуктан Конгресс бир нерсе кылышы керек”, – деди Шумер.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу кылып, Трамп буга чейин мекеменин аппаратын башкарган Мэтью Уитэкерди дайындаган. Мурдагы республикачыл саясатчы Уитэкер – Мюллердин иликтөөсүн чектөө зарыл экенин ачык айтып жүргөндөрдүн бири.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: